Menu

Камчыбек Ташиев: “Депутат Марат Аманкуловго мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал сөзсүз мыйзам алдында жооп берет”

Бөлүшүү:

ЖКнын депутаты Марат Аманкуловго мыйзамсыз баюу боюнча фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Ал сөзсүз түрдө мыйзам алдында жооп берет”, – деп билдирди Ташиев.

Ал ошондой эле, кечээ Марат Аманкулов чыгымдын бир бөлүгүн бюджетке төккөнүн, жакында канча акча төккөнү так айтылары кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты А.М.А. мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирген.

Такталгандай, «А.М.А.» саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы анын расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары, көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир,  “Каприз” борборундагы коттедж, 3 особняк, жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сомду түзгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

2 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: