Menu

Камчыбек Ташиев: “Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1ин $2 миллиардга курса, ошол акчасын кайтарганга чейин ошол жакта болушат. Андан кийин ГЭС бизге калат”

Бөлүшүү:

“Көптөгөн адамдар, мамлекеттик ишмерлер, депутаттар, бийликке каршы чыккан оппоненттер Камбар Ата-1 ГЭСи тууралуу ар түрдүү сөздөрдү айтып жатат. “Садыр Жапаров Камбар Ата-1ди Өзбекстанга берип коюптур, аны биргелешип курган туура эмес, себеби өзбектер сууну алып коёт” деген ыплас сөздөр айтылып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барганда орус тарапка Камбар Ата-1 ГЭСин чогуу куруу тууралуу сунуш айткан. Орус тарап “Кыргызстанда электрэнергиянын баасы арзан, курулушка салган акча акталбайт, чогуу курганга макул эмеспиз” деген.

“Садыр Жапаров Казакстанга барганда Касым-Жоомарт Токаевге Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип курууну сунуш кылган. “Биз жерди, сууну берели, чогуу куралы, кызматташалы” десе, казак тарап өздөрүндө электр энергиясы көп экенин айтышты. Андан кийин Садыр Нургожоевич Өзбектанга барды. Өзбек тарапка да Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу тууралуу сунуш киргизди. Алар макулдугун беришти”, – деп билдирди ал.

“Башка мамлекеттер “күтүп тургула” десе, биз алардын көзүн карап, алар “макул” дегиче күтүп отура беришибиз керекпи? Аларды канча күтүшүбүз керек? Ошондуктан, азыр Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу чечимин кабыл алып жатабыз. Айрымдар “Өзбектер өмүр бою сууну алып калышат экен, башкарып калышат экен” деп жатышат. Андай болбойт.  Биз жер менен сууну бөлүп берсек, алар аны 2 миллиард долларга курса, алар курулушка кеткен акчаларын кайтарып алганга чейин ошол жерде болушат. 5 жыл, балким 10 жыл, балким 20 же 25 жыл болушу мүмкүн. Кийин көрөбүз. Алар [Өзбекстан] өзүнүн акчасын алгандан кийин ГЭС бизде калат, аны биздин келечек муун пайдаланат. Учурда бизге электрэнергия жетпей жатат, кыйналып жатабыз. Ошон үчүн Камбар Ата-1 ГЭСин чогуу курушубуз керек”, – деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: