Menu

“Кыргызстан-Түштүк Индия: кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү” онлайн бизнес форуму болуп өттү

Бөлүшүү:

25-мартта “Кыргызстан-Түштүк Индия: кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү” онлайн бизнес форуму болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бизнес форумга Кыргыз Республикасынын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Исаев, Индиянын Экономикалык Соода Уюмунун (IETO) Президенти А.Икбал, Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Экспорт бөлүмүнүн башчысы Н.Арипов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Н.Катипова, IETO департаментинин директорлору жана Түштүк Индиянын бир катар алдыңкы компаниялары менен ишканаларынын өкүлдөрү катышышты. Катышуучулардын жалпы саны 31 адамды түздү.

Элчи А.Исаев өз сөзүндө Индиянын көп калкын жана анын кеңири аймагын эсепке алуу менен, Кыргыз Республикасы менен Индиянын ар кайсы аймактарынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча өзүнчө ишкер конференцияларды өткөрүү чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

ИИКМАнын экспорттук бөлүмүнүн башчысы Н.Арипов Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынан Индияга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты жөнүндө презентация көрсөтүлдү.

IETO Президенти А.Икбал Индия менен Кыргыз Республикасынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкта чоң потенциал бар экендигин белгиледи. Иш-чаранын негизги максаты – Индия-Кыргыз кызматташтыгын ар кандай тармактарда чыңдоо. Анын айтымында, иш-чарага айыл чарба, тоо-кен казып алуу, туризм, киноиндустрия, мейманкана куруу жана башка тармактардагы бизнес өкүлдөрү катышты. IETO Президенти өлкөлөрдүн ортосундагы соода консультацияларын бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен туруктуу негизде өткөрүлүп турушу керек деп белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында 2021-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасына Түштүк Индиядан ишкер делегациясынын иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди. Иш сапардын максаты тоо-кен, текстиль, туризм, айыл чарба, киноиндустрия  жана башка тармактар боюнча кызматашууну ѳндүрүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: