Menu

УКМК: Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн бюджеттик жоготуулар болгондугу аныкталды 

Бөлүшүү:

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) ижарага берүү ишмердүүлүгү жаатындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, мамлекеттик органдардын жана ММБФ балансында турган мамлекеттик мүлктү ижарага алуу боюнча мамлекетке зыян келтире турган узак мөөнөттүү келишимдерди атайылап түзүүдөгү, кызмат ордуларынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, мамлекеттик органдардын жана ММБФ жогорку кызмат адамдары, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жаатында белгиленген укук ченемдик актыларды бузуу менен, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген, мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө убактылуу пайдаланууга беришип, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке тиешелүү төлөмдөрдүн түшүшүнө зыян келтиришкендиги аныкталды. 

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагындагы жүрүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында, бюджетке 100 миллион сомдон ашык суммадагы тиешелүү төлөмдөрдүн чыгымдары аныкталды.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) жана 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталып тергөө жүрүп жатат. 

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: