Бүгүн, 27-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 88 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 55, Чүй облусунан – 24, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 87 946 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 68 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 537ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 36, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 27, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1494кө жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ