Menu

Баткен мамлекеттик университети Түркиянын ЖОЖдору менен кызматташат

Бөлүшүү:

25-мартта Элчи Кубанычбек Өмүралиев Баткен Мамлекеттик Университетинин Ректору проф. Айдарбек Гыязов жетектеген университеттин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин Ректору А.Гыязов билим берүү жана окутуу жаатында тажрыйба алмашуу максатында ТРнын жогорку окуу жайлары менен кызматташтык мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн камтыган Түркияга болгон иш сапарынын максаты жөнүндө айтып берди, ошондой эле университеттин базасында теология факультетин ачуу боюнча ниетин билдирди.

Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев өлкөлөрдүн илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгы эң динамикалуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, жогоруда айтылган пландарды ишке ашырууда ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 78 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: