Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу айрым ММКлар укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, А.Н. аттуу жаран 26-мартта УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал мектепке чейинки билим берүү мекемелердин биринин башчысын сабап салган.
Жабырлануучу ооруканада эки жума жатып чыккан. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ