Menu

Адилет Айтикеев: “2008-жылы “Каркыра сатылды!” деп айкырган оппозиция 2010-жылы бийликке келгенде Каркыраны эстеп да койгон жок, себеби аларга Каркыра Бакиевден бийликти тартып алуу үчүн гана керек болгон”

Бөлүшүү:
“Чек ара маселеси менен ойнобогула! Диванда чалкалап жатып алып чек араны өзүңөрдүн сасык популизмге колдонбогула! Бул жыйынтык жылдар бою сүйлөшүлүп келген аракеттердин натыйжасы. Ташиев баарын шуруга тизгендей түшүндүрүп берди. Акыры бир бийлик ушул маселени өз мойнуна алып, тобокелчиликке барды. Эми бул байкуштар эртең жер сатты деген жалган жалаага кабылышат. Ошого карабастан чечкиндүү кадамга баргандарына Чоң рахмат! “, – деп жазды бүгүн, 27-мартта журналист Адилет Айтикеев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Ушундай эле чек ара маселесин кол жоолук кылып беттерине кармап чыккан оппозиция 2008-жылы Түпкө чейин барып айкырык салган. Арадан 2 жыл өтпөй ошолор толугу менен Убактылуу өкмөт аталып, бийликти колго алышты. Бирок, бирөө да Назарбаевге барып, “бауырым, бизге Манастан калган Каркыраны бериңиз” дегенге жарашкан жок. Анткени аларга Каркыра эптеп элге жагып, Бакиевден бийликти тартып алуу үчүн гана керек болгон. Эгерде алар чек араны жакшы билгенде, Таластагы Көк-Сай айылына барып, ошол жерден казактарга берилген 4,5 миң гектардын маселесин дагы көтөрүшмөк. Бирок аларды чек ара маселеси кызыктырбайт!
Мына ушундай сасык саясатты мамлекеттик маанилүү иштерге айырбаштабагыла!
P. S. Ал эми Камбар-Ата-1 боюнча пикирим башкача. Ага макул эмесмин. Бул талаштуу маселе”, – дейт Айтикеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: