Menu

Белгилүү акын, чыгаан журналист, мыкты юрист, Конституциялык палатанын судьясы Жедигер Саалай 60 жашта

Бөлүшүү:

27-мартта белгилүү акын, журналист, юрист, Конституциялык палатанын судьясы, бильярд спортунун чебери Жедигер Ибраимович Саалаев (Жедигер Саалай) 60 жашка чыкты. Ал тууралуу досу,  журналист Кабыл Макешов   жашоо ирмемдерин учкай  баяндайт.

  1. Юридика илимдеринин кандидаты, доцент Жедигер Саалай Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында 1961-жылы 27-мартта туулган. Атасы Ыбырайым “эскинин” сабаттуусу, Кураны-Каримди кыргызча түшүндүрүп, окуп бере алган киши болгондуктан, айылдаштары “молдоке” дешкен. Догдурлар атасын “ичер суусу аз калды” дешип, ооруканадан чыгарып берип салышканда, өзүн дары-чөптөр менен дарылап, көп жыл жашаган. Жедигер тогуз бир туугандын алтынчысы. Ал төрөлөөрдө атасы аян алып, түшүндө бабалары “балаң жөн бала болбойт. Атын биз атагандай кой деп, төрөлө элек ымыркайда ат коюшат. Атасы алар айткан ысымды унутуп калып, төрөлгөн уулуна бир ай ат коюлбай, бабалар айткан атын эстей албай убайым тартат. Акыры бир айдан кийин касиети бар иниси  Жедигер деген ысым ыйгарып, асан чакырып ырымдайт. Жедигер жаагын жанган ыйлаак болуп, эжеси Гүлмайрам алганда гана сооронгон дешет бир туургандары.  Мектепте эң жакшы окуп, жеткинчек кезиден эле ыр жазып, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон. Алгачкы макалалары 6-класста окуп жүргөндө “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш”, “Нарын правдасы” гезиттерине жарыяланып, калем акысына ата-энесине чай-чамек алып берип турган. Атасы оорукчан болгондуктан балтыр эти толо электе агасы Үмөталы экөө кышкысын мектепте “кочегар” болуп иштеп, от жагып, көмүр түшүрүп, ата-энесине кол кабыш кылган.
  2. КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүн жана КМУУнун бажылык жана юридикалык кадрларын даярдоо боюнча факультетин бүтүргөн. Студент кезинде эле коомдук иштерге аралашып, факультеттин студенттер кеңешин башкарып, комсомол уюмунун катчысы, кесиптер кошунунун төрагасы болгон. Адабий ийримдеринн активдүү мүчөсү катары таанылган.
  3. Университетте окуп жүргөндө эле ошол учурдагы эң таасирдүү маалымат каражаты болгон «Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы болуп эмгек жолун баштаган. Андан кийин Кыргызстандын Театралдык ишмерлер союзунун драматургия бөлүмүнүн башчысы, КМУУнун журналистика кафедрасынын башчысы, Кыргыз телеберүүсүнүн «Атажурт» жана «Манас» чыгармачыл өндүрүштүк бирикмелеринде продюсер–башкы редактор, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасынын орунбасары, КМУУнун укук факультетинде окутуучу, Кыргыз Мамлекеттик юридика академиясынын доценти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, эки жолу “Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору, Чүй университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында эксперт (спичрайтер) болуп иштеген. 2015-жылдан бери Конституциялык палатанын судьясы болуп кызмат өтөп келүүдө.
  4. Публицистикага жана поэзияга мектепте окуп жүргөн мезгилинен эле кызыгып чыгармалары райондук, облустук жана республикалык басылмаларда үзбөй жарыяланып келген. Биринчи ырлар жыйнагы «Жөрөлгө» деген ат менен 1987-жылы жарык көргөн. “Жөрөлгө”, “Башат”, “Аргасыздык ырлары”, “Аттануу”, “Аламан”, “Ак куулар”, “Манас духу” ырлар жыйнактарынын, “Бакдөөлөттүн жазы” публицистикалык китебинин, каржы укугу боюнча окуулуктардын автору. Бир нече ырларына обон жаралып, ырдалып жүрөт. «Мээр жана Мөөр», «Бешик той» аттуу пьесалары Кыргызстандын профессионалдык театрларынын сахналарында коюлган.1990-жылдан Кыргызстандын Жазуучулар, 1979-жылдан Журналисттер жана 1987-жылдан Театр ишмерлер союздарынын мүчөсү.
  5. “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси. 1991-жылы адабият тармагында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына жана 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына татыктуу болгон. Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Академиянын жана Эл аралык позия Академиясынын академиги. Ак-Муз айылынын, Ат-Башы районунун, Нарын облусунун Ардактуу атуулу. Эл аралык сыйлыктардын ээси.
  6. Жубайы Токон финансы кызматкери, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин окутуучусу болчу. Бир уул, эки кызды тарбиялап, эки небереси бар.
  7. Жедигер менен Токон аш-тойлордун көркүн ачып, обон созуп мыкты ырдашчу эле. Жакындан бери Жедигер жалгыз ырдап, баш бош акын аталып калды. Жедигер бала чагында “Манас” айткан. Кыргыз тил, адабият сабактарында облустук, республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Достукка бекем, колунда барын досторунан, жардамга муктаждардан аянбайт. Тойлордо тамада, чоң адабий жыйындарда, концерттерде, мааракелерде алып баруучу болуп жүрөт. Бош убактысында жаратылышка чыгып, эргүү алып, достору менен бильярд ойнойт. Бильярд спортунун чебери катары бир нече турнирлерде байгелүү орундарды ээлеген. “Турар” басмасынын незигдөөчүсү, досу Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган эл аралык бильярд турнирин уюштурган.

Кабыл Макешов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: