Бүгүн, 29-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 71 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 53, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 88 163 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 53 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 653кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 31, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 7, Ош облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1497ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ