Menu

Министр Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп COVID-19ка каршы эмделет

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп коронавируска каршы эмделет. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүн, 29-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы эмдөө башталат.

“Бул инфекцияны жеңүү үчүн эмдөөдөн өтүү керек. Биз Кытайдын Синофарм вакцинасынын 150 миң дозасын алдык. Элдер, депутаттар жана башкалар алгач Саламаттыкты сактоо министри эмделсин деп жатышат, ошондуктан мен биринчилерден болуп эмделем. Андан кийин планга ылайык, дарыгерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер жана башкалар эмдөөдөн өтүшөт”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: