Menu

УКМК: Бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча мэриянын райондук администрация башчыларынын бири кармалды

Бөлүшүү:

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчыларынын бири Ч.Ч. кармалган.

Такталган боюнча, кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген. Бул бюджеттик каражаттар Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга арналган болчу.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү иштерди улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: