Menu

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун карындашы алдамчылыкка шектелип камакка алынды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбековдун карындашы Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү алдамчылыкка шектелген Гүлзат Кантөрөеваны (Ташкулова) Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Белгилей кетсек, буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун карындашы Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) алдамчылыкка айыпталып жатканы айтылган.

Арыз ээси Гүлзат Кантөрөева жана анын шериктери үйдү жана 25 миң долларды тартып алышканын айткан. Бирок Кантөрөева Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына аталган иш боюнча эмес, дагы бир алдамчылык фактысы боюнча камалганы белгилүү болду.

Арыз жазгандардын айтымында, Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) кылмыш иши козголгон жарандардан, милициядан кутултам деп ири суммадагы акчаларды алып жүргөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Кантөрө Токтоматов (Жээнбеков)дун кызы болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: