Menu

Улан Ниязбеков: “Шайлоо таза өтүшү керек, добуштарды сатуу же сатып алуу фактылары каттала турган болсо  мыйзам чегинде чаралар көрүлөт”

Бөлүшүү:

Министр жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүүнү  тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 29-мартта Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу, анын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануунун жүрүшүндө  13-марттан 27-мартка чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жалпысынан 55 маалымат катталган. Алардын ичинен 12 кылмыш, 13 материал жорук болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Алсак,  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө, референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары боюнча комплекстүү иш-мерчем иштелип чыгып, аны аткаруу үчүн жер-жерлердеги башкармалыктарга жана бөлүмдөргө жөнөтүлгөн.

Аталган иш-мерчемде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо, референдумду  өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун жабдыктары менен кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоодо тиешелүү чараларды көрүү боюнча уюштуруу иштери каралган. Өз кезегинде ИИМ башчысы Улан Ниязбеков кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине  берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарып, кемчиликтерди жоюну талап кылды.

“Шайлоо таза өтүшү керек, добуштарды сатуу же сатып алуу деген болбош керек. Таза шайлоо бул Кыргызстандын келечеги. Биз шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде өткөрүп, ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек. Шайлоого байланыштуу бардык материалдар дыкаат иликтенип, мыйзам чегинде гана чечимдер кабыл алынат. Шайлоого байланышкан иштерге ар тараптуу жана калыс тергөө амалдары жүргүзүлсүн. Ар кандай тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн чечимдерди кабыл алууга жол берилбесин, шайлоого чейинки үгүт иштеринде коомдук коопсуздук, жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалат. Шайлоо учурунда милиция тарапка нааразычылыктар болбосун. Ички иштер органдары борбордук шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укук бузууларга өз учурунда чаралар көрүлөт. Милициянын көчмө кабылдамасынын ишинде  социалдык жашоо шартына терс таасир тийгизе турган  кылмыштарга, жоруктарга бөгөт коюу багыттарына көңүл бурулат”, -ьдеди министр Улан Ниязбеков.

Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын жогоруда аталган багыттарына байланыштуу кошумча пландар иштелип чыгып аны аткаруу боюнч иш -мерчемдер белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: