Menu

Түркиянын «Сабах» гезити Айеркен Саймаитини өлтүргөндөрдүн суракта берген көрсөтмөлөрүн жарыялады

Бөлүшүү:

Түркиянын «Сабах» гезити 2021-жылдын 21-мартында уйгур тектүү кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөрдүн суракка алынуусу боюнча материал жарыялаган. Саймаити аткезчиликтен түшкөн акчаларды адалдаштырып турган.

Журналисттер материалда шектелгендер тууралуу, алар мүчө болгон террористтик уюм боюнча, Түркиядагы Кыргызстандын башкы консулдугуна таандык унаа жана Саймаитинин өзү жөнүндө жазышкан.

Шектүү эмне деди?

Sabah гезитинин материалында Саймаитини өлтүргөн деп шектелгендердин бири Абдулла Энвердин «Тахрир аш-Шам» террордук тобунун мүчөсү экендиги айтылат.

Суракта ал Саймаитинин көзүн тазалоону сириялык Адем аттуу террорист уюштурганын, бул үчүн ал 100 миң доллар берүүнү убада кылганын айтып берген.

«Окуядан 45 күн мурда Идлибде отурганда уюмдун лидери Адем мени эшикке чакырды. “Стамбулга барасың, Хусейин менен жолугасың” деди. Ал ошондой эле мага жок кылына турган кишинин сүрөтүн, минип жүргөн авто унаасынын мамлекеттик номерин жана үйүнүн дарегин айтты. Жол киреге 1500 доллар берди. Аны өлтүргөндөн кийин ал Хусейинге 50 миң доллар, мага 50 миң доллар, жалпысынан 100 миң доллар бермек. Эмне себептен аны өлтүрөм десем, ал “кыргын салган каапыр”, деп айтты», — деди ал.

Энвердин айтымында, Түркияга ал Өзбекстандын паспорту менен Молдова аркылуу кирген.Саймаитини өлтүрүүгө шектелип жаткан жети адамдын кылмыш иши Стамбулдун Жогорку жазык сотунда каралууда.

Стамбул прокуратурасы бул иш боюнча айыпталып жаткандарга «Куралдуу террорчу уюмга мүчө болуу», «Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылуу», «Буйрутма киши өлтүрүү» беренелери боюнча айып тагып, аларды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.

Саймаитинин жубайынын көрсөтмөлөрү

Ошондой эле, «Сабах» гезитинин материалында Саймаитинин жубайы Вуфули Бумалиамунун көрсөтмөлөрү да келтирилген. Ал жолдошу киши колдуу болорго чейин өнөктөштөрүнөн опузалар келгенин тергөөчүлөргө айтып берген.

«Убагында Кыргызстандын бажы министри болгон адам – мен анын атын “Рахим” деп билем, аны менен катар, Түркиянын жараны Абибулла Абдулкадар Пехливан, ошолор менен акча которууларды жасаганы маалым. Менин күйөөм бул адамдардын акчасын Англияга, Германияга, Дубайга жана Америкага которуп келген», — дейт ал.

Анын айтымында, Саймаити өнөктөштөрүнүн «соодасына байланышкан» көйгөйлүү маселелерге туш болуп, кийинчерээк алар Саймаитиден акча опузалап башташкан.

«Окуядан болжол менен 3-4 ай мурда күйөөм ушул коркутуулардан тажагандан кийин бир телеканалга маек курду. Маектин мазмунунда күйөөм Кыргызстандан акча кандай максатта, кантип жана кайда которулгандыгын билээрин жана расмий документтери бардыгын, мындан ары коркутуу токтобосо аларды Кыргызстандын телеканалдарына берээрин айткан», — деп айткан Вуфули Бумаилиаму тергөөчүлөргө.

Саймаитинин көзүн тазалоо

Уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 2019-жылы 10-ноябрь күнү кечинде Стамбулдун отелдеринин бириндеги кафеде атып өлтүрүлгөн. Ишкер алган жаратынан улам ооруканада көз жумган.

Түркиянын полициясы 12-ноябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелген үч адамды кармаган. Ошондо кармалгандардын экөөсү Хусейин Ахметалиев жана Абдулла Энвер аттуу Кыргызстандын жарандары, үчүнчүсү — Сириянын жараны Али Исбе болгону маалымдалган. Кийинчерээк Мамлекеттик каттоо кызматы Ахметалиев жана Энвер кыргыз жарандыгын алганын төгүндөгөн.

Саймаити Кыргызстандан миллиондогон долларларды чыгарып кеткен уйгур Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн көмүскө карго-империясы үчүн акчалардын изин жашырып берүү ишин аткарып жүргөн. Кийин ал Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөлөрдүн сериясын чыгарган «Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» журналисттеринин башкы маалыматчысы болуп берген.

Бизнесмен журналисттерге Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өлкөдөн акча каражаттарын чыгарууга катыштыгын далилдеген документтерди берген.

Мындан тышкары, Саймаити документтерди берип, жубайы менен бирге адалданган акчаны Матраимовдордун үй-бүлөлүк кайрымдуулук фондуна которгону тууралуу айтып берген. Ал которулган акча Райымбек Матраимовдун схеманын иштөөсүнө көмөк көрсөткөнү үчүн алган үлүшү деп түшүндүргөн.

Саймаити башынан эле Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна жалпы жонунан дээрлик 2,4 млн доллар которгонун кайталап келген.

Матраимовдор болсо Саймаити менен эч кандай байланышы жоктугун айтып, бир гана жолу аялы кайсыл бир ишкердин атынан кайрымдуулук үчүн 200 миң доллар бергенин мойнуна алышкан. Бирок ишкердин атын атоодон баш тартышкан.

ky.kloop.asia сайтынан кыскартылып алынды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: