Menu

Алматыда бизнес коомчулук карантин учурунда каржылай колдоо көрсөтүүнү талап кылууда

Бөлүшүү:

Карантин узартылганына нааразы болгон Алматыдагы ишкерлер жумушчулардын айлык акысы менен ижара акысы үчүн мамлекеттен ар бир күнгө 2 млрд теңге төлөп берүүнү талап кылды.

Бул тууралуу Ишкерлер палатасынын аймактык кеңешинин төрагасы Максим Барышев билдирди.

—Ушул тапта 50 миңдей компания жана жеке ишкер чектөөгө кабылды. Бул 250 миң жумушчу. Ар бир ишсиз токтоп турган күн үчүн эки миллиард теңге талап кылынат. Бул айлык акы жана ижара үчүн гана керек болот. Бизнесмендер жамаатын сактап калып, уруксат берилген маалда ишке чыгууга даяр. Бирок азыр мамлекеттен эч кандай төлөм каралган эмес, — деди Барышев.

Ал мамлекеттен колдоо болбосо локдаун учурда 250 миң жарандын жан багуусу кыйынга учурай турганын белгиледи.

Барышев ишкерлер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялап, коомдук тамактануу жайларында киреше 10 эсеге азайганын айтты.

28-мартта Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев ишкерлерге колдоо көрсөтүү маселеси талкууланганын, жумуш тобу түзүлүп, өкмөткө сунуш берилерин айткан. Аткаминер абал турукташса, карантинди жумшартуу караларын кошумчалаган.

Эки миллиондой киши жашаган Алматы 10-марттан бери «кызыл» зонада. Өткөн бир суткада 510 кишиден коронавирус аныкталган. Алматыда карантиндик чектөөлөр 12-апрелге чейин күчүндө болот.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: