Menu

Ташкентте жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын күйөрмандарына кол салгандарга кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

28-мартта Ташкенттин борбордук бөлүгүндө жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын күйөрмандарын ЛГБТ активисттер деп ойлоп, аларга кол салган адамдарга каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

28-мартта түштөн кийин Ташкентте ЛГБТ активисттерге каршы нааразылык акциясы өткөн. Социалык түйүндөргө жарыяланган видеодо ондогон киши жолдун автоунаалар өтчү бөлүгүндө «Аллаху акбар!» деп кыйкырып баратканын көрүүгө болот.

Мекеменин маалыматына караганда, акциянын 12 катышуучусу кармалып, аларга «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Акциянын 3-4 катышуучусу бир бала менен бир кызды ЛГБТ активисттер деп ойлоп, сабоого аракет кылышкан. Аларга дагы 20-25 киши кошулуп, бейбаштык аракеттерге барып, коомдук жайларда жүрүү эрежелерин бузушкан. Ал жерде иштеп жүргөн укук коргоо кызматкерлери бала менен кызды коргоп калышты. Жаңжал токтотулуп, эч ким жабыркаган жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ошол эле күнү кечинде Ташкентте жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын күйөрмандары үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүнү пландаган блогер Миразиз Базаров белгисиз кишилер тарабынан сабалган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: