Menu

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө У.Д. аттуу жергиликтүу жашоочу арыз менен кайрылып, 2018-жылы бир нече адамдар ага Пригородное айылынан жер тилкесин алып беребиз дешип, 490 миң сомун алып ошол боюнча из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүруш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 50 жаштагы И.У. аттуу  Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин бир нече жолуп соттолуп, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы такталган. Шектүү жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: