Криминалдык авторитет Камчы Көлбаев өзүнүн ортоңку кызы Эркайымды турмушка узатты. Бул тууралуу ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Белгиленгендей, Эркайым 25 жаштагы Руслан аттуу жигитке турмушка чыкты. Ал уйгур улутунан. Ата-энеси менен Бишкекте жашайт.
27-март, ишемби күнү “Arzu Grand” ресторанында нике той болгон. Ал эми кечээ, 28-мартта “Версаль” ресторанында үйлөнүү үлпөт тою болду.
Салтанаттуу кечеде Мирбек Атабеков баш болгон белгилүү ырчылар ырдашты.
Белгилей кетсек, Камчы Көлбаевдин үч кызы жана бир уулу бар. 2017-жылы улуу кызы Санира турмушка чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ