Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталгандардын жазасы күчөтүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Победа» коллегиясынын юристи Айнура Асанова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 7,5 жылга эркинен ажыратылган айыпталуучуну Ысык-Көл облустук соту 20 жылга кести. Калган эки айыпталуучу “Зордуктоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Экөө тең сот залында камакка алынды. Экинчи инстанциянын чечими жарыяланган учурдан баштап дароо күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, 11-декабрда Тоң райондук соту 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актаган. Бир гана айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Бул окуяны ата-энеси кыз кош бойлуу болгондо билишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ