Menu

ИИМ: Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинен баалуу буюмдарды урдоого аракет кылган жаран кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери  Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинен баалуу буюмдарды урдоого аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук
көркөм сүрөт музейине европа улутундагы 35-40 жаштагы жаран мыйзамсыз түрдө кирүүгө аракет кылган.

27-марттан 28-мартка караган түнү саат 02:14 чамасында музейдин башкы сактоочусунун  кызматтык бөлмөсүнөн коопсуздук белги берүүчү коңгуроосу (сигнализация) иштеп кеткен. Күзөттө турган бирөө киргенин  көрүп, ошол замат артынан чуркап барып,  терезеден кирип барган. Кызматтык бөлмөнүн эшиги бек болгонуна байланыштуу, кылмышка шектүү кача албай, буюмдарды колуна алып,  каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу колун толгоп, кармаган.
ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн №323 ыкчам кармоо тобу саат 02:16 чамасында жетип келишип, ыкчам тобунун милиционер автоматчысы милициянын старшинасы Н. Догдурбеков жардамга келген.

Жыйынтыгында, кылмышка шектүү деп кармалган адам 1979-жылы туулган чет өлкөлүк жаран  Т.Р. экендиги аныкталган. Кармалган жаранды ИИМдин Биринчи май РИИБне тапшырылган, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя болгон жерде №323  ыкчам кармоо тобу музейдин айланасын карап чыгып, камеранын жулунуп алынганы такталган, ошондой эле Биринчи май райондук ыкчам-тергөө  тобун чакырып иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: