Menu

УКМК: ИИМ мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду

Бөлүшүү:

УКМК мамлекеттик кызматта турган мезгилинде мыйзамсыз баюу үчүн айыпталган, республиканын ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалила Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Мурда маалымдалгандай, Ж.Атамбаев Ички иштер министрлигинин кызматкери болгон убагында, бир эле мезгилде ишкердүүлүк менен алектенип, 100 миллион сомго кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны өзүнүн жакын туугандарынын атына каттаганы тууралуу тергөөдө аныкталган. 

Мурда тергөө менен кызматташууга даярдыгы жана кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү боюнча, 2021-жылдын 29-мартында шектүү Ж.Атамбаев 50 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду.

Шектүү Ж.Атамбаев бүгүнкү күндө кылмыш ишинде 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берди.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аяктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

64 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: