Menu

Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон буйруктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Кол коюлган буйруктарга ылайык:

— Кирешеев Нурлан Исабекович Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Ибраев Акылбек Омукеевич Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Карасартов Алмазбек Оганович Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Тердикбаев Эрлис Жекшенович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды;

— Мукамбетов Руслан Мустафаевич Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысынын кол койгон буйругуна ылайык, Чомоев Нурлан Нуридинович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: