Menu

Өзбекстандын айрым облустарында сел жүрдү

Бөлүшүү:

28-мартта катуу жааган жамгырдан улам Өзбекстандын айрым аймактарында сел жүрдү. Расмий жана соцтармактардагы маалыматтарга караганда, табият кырсыгынан Самарканд облусу көбүрөөк жабыркады:

Пахтачи районунда бир нече күн мурун пайдаланууга берилген көпүрө талкаланды. Аймактын Жол чарба башкармалыгы билдиргендей, бул көпүрөдөн автоунаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө тыюу салынды.

Каттакурган районуна караштуу Олтинсой, Жарбоши жана Мойбулак айылдарында суу үйлөрдү каптап, автоунааларды агызып кетти. Ушул тапта жалпысынан канча турак жай зыянга учураганы жана келтирилген чыгымдын суммасы жөнүндө маалымат айтыла элек.

Бул арада Новои облусунун администрациясы айрым райондордо сел жүргөнүн, жабыркагандар жок экенин кабарлады.

28-мартта Бухарада да сел жүрүп, куткаруучулар ички көчөлөрдө толуп калган сууларды тазалашты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: