Menu

Ашраф Гани: Тажикстан Ооганстандагы ок атышуунун токтошун жактайт

Бөлүшүү:

Ооганстан президенти Ашраф Гани Тажикстан коңшу өлкөдө ок атышуулардын токтоосуз түрдө аякташын жактай турганын билдирди. Тажикстанга расмий сапар менен келген ооган лидери «Азиянын жүрөгү – Стамбул жараяны» конференциясына катышат.

29-мартта Душанбеде Тажикстан жана Ооганстан президенттери Эмомали Рахмон менен Ашраф Гани жолукту. Тараптар экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү, ГЭС куруу тармагында кызматташуу, САSA-1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сүйлөшүштү.

Ашраф Гани журналисттер менен жолугушуу учурунда Ооганстан тынчыкка бир кадам калганын, ооган аралык сүйлөшүүлөр ийгилик менен аяктарынан үмүт артып турганын билдирди. Ганинин айтымында, Ооганстандагы коопсуздук коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Тажикстанга жагымдуу таасир берет

«Тажикстандын токтоосуз түрдө ок атышууну токтотууну жактаганы – бул дүйнө коомчулугуна, «Талибан» кыймылына жана анын коргоочуларына кайрылуу», -деди ооган президенти.

30-мартта Эмомали Рахмон менен Ашраф Гани «Азия жүрөгү – Стамбул жараяны» конференциясына катышат. Конференцияда форумга мүчө 15 өлкөнүн тышкы иштер министрлери сөз сүйлөйт.

«Азия жүрөгү – Стамбул жараяны»— Ооганстан менен Түркиянын биргелешкен демилгеси. Алгачкы конференция 2011-жылы 2-ноябрда Стамбулда өткөн. Демилге аймактагы коопсуздукту бекемдөө, диалог жана ишеним аркылуу Ооганстан менен экономикалык жана саясий кызматташууну жакшыртууга багытталган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: