Бишкектеги соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар 1-апрелден тарта жабык болот. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта вице-мэр Айжан Чыныбаева маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, балдар ойноочу аянтчалар 2 жумага жабылат.
“Андан ары, эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алынат. Үч күндөн бери соода борборлорунда рейддер жүргүзүлүп жатат, биз жетекчилерден бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана эрежелерди сактоого чакырабыз », – деди ал.
Ал ошондой эле коомдук иранспорттордо да рейддер жүрүп жатканын кошумчалады.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ