Бүгүн, 30-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 113 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 61, Чүй облусунан – 44, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 5. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 88 726 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 70 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 723кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 33, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 19, Ош облусунан – 13, Нарын облусунан – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1498ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ