Чүй облусу Жайыл районунда 29-март күнү саат 12:46 чакырымында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында «Камаз-Вахтовка» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыктын кесепетинен 1981-жылы туулган аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан (1997-жылы туулган эркек киши), (1997-жылы туулган, 2000-жылы туулган, 1986-жылы туулган, бир аялдын туулган жылы такталууда, 4 аял киши).
Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары жана тез жардам кызматы тартылган. Жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышкан. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ