Menu

БШК Өмүрбек Текебаевдин мандатын Шералы Абдылдаевге тапшырды

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондуктан, Абдылдаев Шералы Итибаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары таануу токтомун чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

БШК токтому менен Абдылдаев Шералы Итибаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып ага күбөлүк жана төш белги берилди.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдагы чечиминин негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган. 2020-жылдын октябрь айында Текебаев депутаттык мандат алган. Борбордук шайлоо комиссиясы анын козголгон кылмыш иши кошумча тергөөгө кайтарылгандыгына байланыштуу депутат болуу укугун өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. 

Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы Текебаевге мандатты кайтарып берүүгө укугу жок болчу, анткени ал айыпталуучу статусуна ээ.

2020-жылы 23-ноябрда Административдик сот Текебаевге мандатын кайтарып берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган токтомун жараксыз деп тапкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: