Menu

Баткендин тургундары Өзбекстан менен жер алмашууга каршы

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик чек аранын айрым участокторун делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссия кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чечме жана Бирлик айылдарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев алгач Чечме айылындагы булакка барды.

Жергиликтүү тургундар Камчыбек Ташиевге булак суунун жана сугаттын бирден-бир булагы экендигин айтышты.

“Биздин ата-бабаларыбыз 16-кылымда агын сууну тосуп, айылга суу чыгарышкан. Кийин Союз учурунда, 1960-1970-жылдары ашыкча сууну Өзбекстанга бериле баштаган. Бул жерде ата-бабалардын мүрзөлөрү турат. Булак жыл сайын май айында тазаланып, мал союлуп, ата-бабаларга куран окутабыз. Бул булак боюнча өзбек тарап менен эч кандай талаш маселе болбошу керек. Биз кошуналарга суу берип келгенбиз жана бере беребиз. Бирок бизге тең укуктуулуктун кереги жок, аймакты бөлүүгө макул эмеспиз“, – деди айыл тургундары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: