28-мартта президент Садыр Жапаровдун уулу Ренат үйлөндү. Социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун кудалыкка барган видеосу тарады.
Анда кудаларды тааныштырып жаткан Сабыр Жапаров Ренат Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө таандык экенин айтты.
“Кудаңар президент. Балабызды өстүргөн, ушулардын үйүндө өскөн. Бала ушуларга таандык”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Ренат 1997-жылы туулган. Келиндин аты Аяна, 21 жашта. Учурда Улуттук университеттин кытай факультетинде үчүнчү курста окуйт. Ренат менен Аяна көп жылдардан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ