Menu

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Белгиленгендей, бүгүн, 30-мартта Сыймык Жапыкеев генпрокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктун сүрөтү соцтармактарга тарады.

Анда “Сыймык Жапыкеев прокуратура органдарына кызматка кабыл алынсын жана Ысык-Көл облусунун прокурору кызматына дайындалсын” деп жазылган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин Сыймык Жапыкеев Финполициянын төрагасы болуп дайындалган. Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жоюлган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: