Menu

Бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы салмагы бир тоннадан ашык күрүч жана тамеки продукцияларын кармашты

Бөлүшүү:

Бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы салмагы бир тоннадан ашык күрүч жана тамеки продукцияларын кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен областыннын Кадамжай районуна караштуу Пулгөн айылында “Mersedes-Benz 315” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогорудагы транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 53 кап жалпы салмагы 1365 кг болгон “UZRISE Made in Uzbekistan” маркасындагы “Лазер” күрүчү жана 7000 пачка (140000 шт.) “Mong gold, Mond black super slims” маркасындагы акциздик маркасы жок тамеки продукциясы табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: