Menu

Ташиев: Сох анлавындагы Кайтпаc, Өтүкчү чек ара бекеттери ачылды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавындагы эки чек ара бекети ачылды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Кадамжай районунун Бирлик айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.

“Өтүкчү, Кайтпас постторунан жөө адамдар, жеңил машинелер жана кичи автобустар өтөт. Оор жүк ташуучу машинелер өтпөйт. Карапайым калктын жашоосу жеңилдесин деген максатта ушундай иштер аткарылды”, – деди Ташиев.

Атайын кызматтын төрөгасына жергиликтүү тургундар бир катар суроолорду беришти. Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлер тууралуу көйгөйлөр айтылды. Ташиев эл көтөргөн маселелер эки өлкөнүн макулдашуусу менен чечилет деп убада берди.

Ташиев Баткен районундагы эл ичүүчү суу катары колдонгон Чечме булагына да барды.

Ал 26-мартта Бишкектеги маалымат жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстан Чечме айылындагы булакты чогуу пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдоону макулдашканын билдирген.

Буга чейин булак Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосундагы чек ара чатагына себеп болуп келген. Акыркы ири жаңжал былтыр 31-майда катталган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чечилиши боюнча элге маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындай жолугушуу бүгүн Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда уланат.

25-мартта эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык протоколго кол коюлган. Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.

Бул жолугушуудан кийин Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилди деп билдирген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: