Menu

Тажикстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерине кол салган адам кармалды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерине кол салган адам кармалды. Окуя 29-мартта эртең менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынын алдында болгон.

«Озоди» радиосунун элчиликтеги булактары кабарлагандай, бычак менен куралданган киши имараттын алдында топтолуп турган адамдардын жанына барып, күзөтчүлөрдүн бирине кол салган. Элчилик кызматкери жеңил жаракат алган.

«Кол салган адам «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү, тажик бийлиги тарабынан издөөдө жүргөн. Ал экстремисттик көз караштары бар кооптуу киши», — деди булак.

Ал учурда элчилик кызматкерине кол салган адам убактылуу кармоочу жайда камакта отурганын кошумчалады.

Айрым маалымат сайттары кол салган адамдын аты-жөнү Шамиль Мустакимзода экенин жазып жатышат. Бирок булактар ал жеке маалыматтарын өзгөртүп алганын билдиришүүдө.

Өткөн түнү YouTube сайтына жарыяланган видеодо элчилик имаратына укук коргоочу Иззат Амонду бошотуу талабы менен келген бир нече тажикстандык мигрант Шамиль Мустакимзоданын бетин көрсөтүп, аны элчилик кызматкерлери сакал коюп жүргөнү үчүн сабап салышканын билдиришкен. Бул маалыматты элчилик четке каккан.

Москвадагы тажиктердин борборун жетектеп, мигранттардын укуктарын коргоп жүргөн белгилүү тажик укук коргоочусу Иззат Амон жекшемби күнү Орусиядан мекенине депортациялангандан кийин Душанбеде алдамчылык айыбы менен кармалган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: