Menu

Фото – Баткен облусунда калктын жетиштүү тамактануусуна багытталган атайын долбоор ишке ашууда    

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев ЮСАИД уюмунун «Мыкты азыктануу» долбоорунун, Кыргызстандагы директору Назгуль Абазбекова баштаган өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жетекчилер «Мыкты азыктануу» долбоорунун артыкчылыктарын талкуулашып, саламаттыгы чың, акыл-эстүү муундун өсүп чоңоюшу, жетиштүү, туура жана  толук баалуу тамактануу менен байланыштуу экенин белгилешип, бул багытта комплексттүү иш-чараларды жүзөгө ашырууну макулдашышты. 

Тараптар Баткен облусунда калктын, өзгөчө жаш балдардын жана энелердин жетиштүү тамактануусу боюнча планын ийгиликтүү ишке ашыруу, жумушчу топ түзүү менен, бул багытта ишти илгерилетүүнү сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, адистер Кыргызстанда 10 баланын бири гана жетиштүү тамактанаарын белгилешет. Ошондой эле  жетишсиз жана туура эмес тамактануу, өлкөнүн социалдык абалына жана  өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүсү толук мүмкүн экендиги боюнча, коңгуроо кагып келишет. 

Мындан улам, жаш балдардын жана энелердин жетиштүү тамактануусу үчүн, “Мыкты азыктануу” долбоорун ишке ашыруу, учур талабы дейт жетекчилер. 

ЮСАИД менен Баткен облусунун жетекчилиги, облустун социалдык- экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууда, аталган уюм тарабынан эксперттик колдоо көрсөтүүнү да макулдашышты.   

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: