2012-жылдын 13-апрель күнү саат 21:00 чамасында Майлуу-Суу шаарынын Ленин көчөсүнүн тургуну 1992-жылы туулган Турганбаева Алина Жумабаевна өзү жашаган даректен чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбей дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Ушул күнгө чейин анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, чачы кыска кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү арык чырай.
Кийген кийими: үстүндө кыска күрөң түстөгү кожа куртка, көк түстөгү джинсы шым, бутунда кара түстөгү балеткачан болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Турганбаева Алина Жумабаевна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Байланыш тел.: 102, 03744 (5-06-33), 0755-66-62-88, 0771-04-00-96.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ