Кечээ, 29-мартта УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүмүндөгү кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө, Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, Баткен областынын Лейлек районунун Жаштык айылынын жанында жайгашкан кампага жана ага жакын жердеги «BS-Petrol» май куюучу жайына тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тинтүү иштеринини натыйжасында, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн салондоруна атайлап жасоо жолу менен контейнерлер орнотулган «Ssang Yong Musso» жана «Opel Zafira» автоунаасы кармалды.
Кармалган унаалар КР УКМК чек ара кызматынын «Кайрагач» текшерүү пунктуна жеткирилип берилди.
Азыркы учурда фактылык жагдайларды жана контрабандага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ