Menu

Улукбек Марипов: “Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз-ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине өтүүсү керек”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз-ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине өтүүсү керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча жолугушууда билдирди.

«11-апрелде жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо менен катар өлкөнүн тарыхындагы негизги окуя – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт. Жаңы долбоор жактырылган учурда иштеп жаткан ченемдик-укуктук актыларга элдин кызыкчылыгына багытталган көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болот. Алардын бири катары сиздер аркылуу иштелип жаткан Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекс болушу мүмкүн. Ал өзүнө бардык милдеттерди камтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ал боюнча иш алып барышы керек», – деди Улукбек Марипов.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору  Бектурган Орозбеков бирликтин негизги багыттары боюнча маалымдады.

«Мамлекеттик башкаруу тармагындагы жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформалардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен төмөнкүлөр зарыл деп эсептейбиз:

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүүсүн камсыздоо, алардын жергиликтүү коомчулук алдындагы отчеттуулугун жана адамдардын чечим кабыл алуу процессиндеги катышуусун күчөтүү;

– жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу, мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесиндеги жергиликтүү киреше үлүшүн жогорулатуу;

– ЖӨБ органдарын аймактарды өнүктүрүү менен алектенүүсү жана калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүүсү үчүн өнүктүрүү бюджети менен камсыздоо;

– жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалышын теңдештирүү тутумун реформалоо жана анын ачыктыгын жана акыйкатуулугун камсыздоо;

– муниципалитеттер ортосундагы горизонталдык кызматташтыкты күчтөндүрүү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигин процесске тартуу менен муниципалдык кызматкерлерди, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын жана жергиликтүү кеңеш депутаттарын окутуу тутумун өркүндөтүү;

– мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө;

– республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүүнүн акыйкат тутумун жана аларга жүктөлгөн функция жана ыйгарым укуктарынан көз-каранды түрдө алардын чыгаша милдеттенмелерин орнотуу», – деди ал.

Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карап чыгуу зарылдыгын белгиледи

«Бүгүн биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинен көп нерселер көзкаранды болгон өнүгүү этабында турабыз. Муну эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кесипкөй квалификациялуу кадрларга муктаж. Жаш адистерди тартуу, иштеп жаткан муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу керек. Муниципалдык кызматкерлерди, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын жана жергиликтүү кеңештеги депутаттарды окутуу тутуму өркүндөтүүгө муктаж экендиги айкын. Алардын сабаттуулук деңгээлинен өлкөнүн 452 айыл аймагында жана 32 шаарындагы жашоо ыкчам жана сапаттуу өнүгөөрү көзкаранды. Өз кезегинде Өкмөт аталган пландарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоо көрсөтөт», – деди Премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорунда жазылган өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселесин иликтөө боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: