Menu

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн алдын ала чара көрүү боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Биргелешип кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды, ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер жана эпидемиологиялык кырдаал боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы ар кандай долбоорлор менен программалардын алкагында Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн БУУ тутумуна ыраазычылык билдирди.

Ал былтыркы октябрь окуялары өлкө тарыхындагы дагы бир бурулуш этап экендигин, ага карабастан, кыска убакыттын ичинде кырдаалды турукташтырып, конституциялык талаага алып келүү мүмкүн болгонун билдирди.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал туруктуу экенин, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ушул транзиттик мезгилден ийгиликтүү өтөрүнө бекем ишенимин билдирип, БУУ институттарына өлкөдө шайлоо процесстерин өткөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылыгын айтты.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндө реформаларды ишке ашыруу, коррупция менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү Кыргызстан үчүн биринчи кезектеги милдеттер болуп саналат.

Пандемиянын өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин белгилеген Президент бул илдет жана анын кесепеттери менен каршы күрөшүүдө БУУнун колдоосуна үмүт артарын кошумчалады.

Конституциялык реформа темасына токтолгон Мамлекет башчысы Башмыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынса, бул өлкөдөгү тартипти чыңдап, аны андан ары өнүктүрүүнүн кепилдиги болот деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров ири масштабдуу коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн өлкө жетекчилигинин бекем саясий эрки бар экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Наталья Герман БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутеррештин Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, айрыкча, Кыргызстандагы процесстердин өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

Ал кыргыз тарапты эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте аргасыздан чет өлкөдө калган 79 баланы Ирактан кайтаруу боюнча гуманитардык операциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен куттуктады.

Анын белгилешинче, БУУ бул тажрыйбаны жогору баалайт жана мындай иштерге жардамын уланта берет.

Наталья Герман берген маалыматтар боюнча үстүбүздөгү жылдын жайында «Нью-Йорктогу контртеррористтик жумалык» аттуу терроризмге каршы акция өткөрүү пландаштырылган. Анда Кыргызстандын өз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы кеңири чагылдырылат.

БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү өлкөдөгү алдыдагы шайлоо процесстери калктын бардык катмарынын катышуусу менен ачык-айкын өтөт деп үмүт артарын билдирди.

Мындан сырткары, ал улуттук мыйзамдарды инвентаризациялоого, калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдө кызматташууга эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, Кыргызстан менен БУУнун ортосунда адам укуктары боюнча биргелешкен кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Кыргызстан демократиянын, адам укуктарынын принциптерин, ошондой эле өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин аткара турганына дагы бир ирет ишендирип, айтылган бардык маселелер боюнча активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: