Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты жуналисттерге аталган фонддон тастыкташты.
Мирлан Бакиров 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болгон.
Ал 2020-жылы 23-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында вице-спикер кызматынан кеткен.
Белгилей кетсек, Маммүлктүн мурдагы жетекчиси Жылдызбек Исакулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун 2019-жылдын август айынан баштап жетектеген. Фонддун башчысынын милдетин аткаруучу болуп төраганын орун басары Ишенбек Медетов дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ