Menu

Коопсуздук кеңешинин катчылыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кытай Эл Республикасынын (КЭР) тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен видео-конференция аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Ведомстволук органдар аралык кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, региондо коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле «Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча диалог» ведомстволор аралык региондук кызматташтык механизминин алкагында социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча пикир алмашуу болду.

Алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: