Menu

Ошто баасы 2 миллион сомдон ашык болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бөлүшүү:

Ош шаарынын прокуратурасы 2 миллион сомдон ашык бааланган жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбордун жери кайтарылган. Буга чейин ал мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен. Жер тилкенин баасы 2 миллион 614 миң 900 сом.

Ош шаардык соту прокуратуранын айткандары менен макул болуп, мэрия менен С.К. аттуу жарандын ортосундагы сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп тапты.

26-мартта прокуратура муниципалитетинин буйругун аткарып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: