Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык ыкчам штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков медициналык мекемелерди COVID-19 оорусунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов белгилегендей, саламаттык сактоо тутуму, медициналык адистер оорунун өсүүсүнө даяр болушу керек.

«Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым райондорундагы оорунун өсүшү боюнча абал кооптондурууда. Биз окуянын ар кандай өнүгүү варианттарына, анын ичинде абалдын начарлашына даяр болушубуз керек. Саламаттык сактоо уюмдары, биринчи кезекте медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен, бейтаптарды дарылоо үчүн  тийиштүү дары-дармектердин запасы жана жабдуулар менен камсыздалышы керек. Өзгөчө көңүлдү балдардын ден-соолугуна, мектептерде жана бала-бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоого буруу керек. Республикалык ыкчам штаб ишти активдештирип, эпидемиологиялык абалды мониторингдөөсү жана көзөмөлдү күчөтүүсү керек. Абал начарлап кеткен учурда өз учурунда чараларды кабыл алуусу тийиш», – деди ал.

Премьер-министр жарандарды өзүнүн жана жакындарынын ден-соолугуна жоопкерчиликтүү болууга жана беткап тагынуу жана социалдык обочолонуу сыяктуу элементардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

«Өзгөчө коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде жарандар өзүн коргошу керек», – деди ал.

Тармактык мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына карашы вакциналарды ташуу ишин улантуусу тапшырылды.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жеке медициналык борборлор менен калкты акы төлөө жана ыктыярдуу негизде коронавируска каршы вакцинациялоо жүргүзүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.

Маалымат үчүн:

Дары-дармек каражаттарынын запастарын инвентаризациялоо жүргүзүлүп, аймактар боюнча медициналык адистердин саны боюнча маалыматтар такталды.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынан дары-дармек каражаттары чыгарылып, өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилди.

Медициналык мекемелерде 1,5-2 айга жетиштүү медикаменттердин запасы бар. Бардык дарыкана пункттары дары-дармектердин тийиштүү запасы менен камсыздалган.

Өлкөнүн бардык фармацевтикалык компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармектерге карай бааларды турукташтыруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.

Ушул жуманын соңуна дейре коронавирус инфекциясынын жайылуу динамикасын эске алуу менен график уюштурулат жана ал график боюнча фармацевтикалык компаниялар ай сайын дармектерди өз кампаларына жана дарыкана тармактарына жеткиришет. Натыйжада, рыноктогу дары-дармектердин тартыштыгы орун албашы керек.

Республиканын бардык саламаттык сактоо мекемелери кычкылтек концентраторлору менен камсыздалган.

32 мекемеде стационардык кычкылтек станциялары орнотулган, 12 объектиде аларды орнотуу боюнча иштер жыйынтыкталууда. Өлкөдө коронавирус инфекциясынан эмдөө башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: