Menu

Камчыбек Ташиев: “Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагы боюнча чечим кабыл алынган жок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-мартта УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун чек арага жакын чектешкен аймактардын жашоочулары менен жолугушту.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда талаштуу аймактар ​​калган жок. Учурда бир гана Баткен облусунун Кадамжай районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечма булагынын маселеси чечиле элек.

Бизде талаштуу жерлер калган жок. Бир гана аймак чечиле элек – бул Чечме булагы. Бүгүнкү күндө “биздин участок” же “силердин участок” деп бөлүшкөн жокпуз. Эгер ошонтсек, башка чек ара маселелерибиз чечилбейт эле. Башка жерлерде миңдеген, жүз миңдеген адам жашап жаткан айылдар бар. Миңдеген гектар жерлер бар. Ошолордун дагы тагдырын чечиш керек болчу. Ошондуктан Чечме булагын биз мурдагы эле боюнча калтырдык. Мамлекеттер аралык келишим менен мурдагыдай кылып эле пайдаланып турабыз. Бирок өткөн жылдагыдай чоң конфликтти болтурбайбыз”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: