Menu

Бишкекте ооруканадан качып кеткен уурулукка шектүүнү кармоо үчүн “Перехват” планы жарыяланды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы М.Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунан операция жасалган бейтап качып кетти. Ал буга чейин уурулукка шектелип кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалгандан кийин ооруканага жеткирилген.

Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 17-июлунда милицияга борбор калаанын тургунунан арыз келип түшкөн. Анын айтымында, 12-июлда Көк-Жар кичи районундагы батирден эмеректер жана жеке буюмдар уурдалган.

Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) менен катталган. Милиция кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактаган, ал 1995-жылы туулган Ж.Б. болгон. 7-декабрда ага сыртынан кылмышка шектүү деген билдирүү берилген. Ошол эле күнү Октябрь райондук соту аны СИЗО-1ге сыртынан камакка алган.

Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери 27-февралда шектүүнү Ысык-Көл облусунан кармашкан. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, кийин соттун чечими менен 27-апрелге чейин СИЗО-1ге камакка алынган. 17-мартта шектүү М.Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборуна “Ичеги-карындагы бөтөн зат” деген диагнозу менен жаткырылган. Маалыматтар боюнча, кармоо учурунда ал мык жутуп алган. Аны ооруканада Октябрь РИИБнин кызматкерлери кайтарышкан.

Бүгүн, 30-мартта болжол менен саат 13: 50дө шектүү ооруканадан качып кеткен. Буга байланыштуу борбордо “Перехват” планы жарыяланды. Учурда качып кеткен жаранды издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: