Menu

Танзанияда президенттин тажыясында 45 киши каза болду

Бөлүшүү:

Танзаниянын президенти Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатында жаралган адамдардын тыгынынан кеминде 45 киши каза болуп, дагы 37си жаракат алды.

21-мартта Додома шаарындагы Дар-эс-Салам стадионунда өткөн мамлекет башчынын тажыясы тууралуу африкалык ЖМКлар шейшемби күнү жазышты.

Жергиликтүү полиция президент менен коштошууну каалагандар өтө көп болуп, айрымдары стадионду айланып өтө баштаганда тыгын жаралганын билдирди.

Жон Магуфули 17-мартта 61 жашында каза болгон. Бийлик марттын башынан бери эл алдына чыкпай калган президенттин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун кабарлаган. Оппозиция өкүлдөрү ал коронавирус жуктуруп алып, коңшу Кениядагы ооруканада дарыланып жатканын билдиришкен.

Жон Магуфули коронавируска байланыштуу өлкөсүндө карантин киргизбей, беткап тагынуудан баш тарткан. Ал COVID-19га каршы эмдөөнү келекелеп, дубаларга гана ишенүү керектигин айтып келген. Анын тушунда өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын расмий статистикасы жүргүзүлгөн эмес. Президент мындай позициясын «чет элдик илимге» ишенбей турганы менен түшүндүргөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: