Ташкенттин Чиланзар райондук сотунун чечими менен «Avto 60 oy» компаниясынын жетекчиси Жамшид Баходиров сегиз жылга эркинен ажыратылды. Ал «Алдамчылык» жана «Кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.
25 жаштагы Баходиров менен чогу компанияга байланышы бар дагы үч киши 4 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолсо, бирөө «коомчулукка коркунуч жаратпаганы үчүн» жазадан бошотулду.
Өкүмгө ылайык, соттолуучулар жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгымдын ордун толтуруп берүүгө да милдеттендирилди.
«Avto 60 oy» ишканасынын жетекчилигине каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери былтыр июнда аяктап, сот жараяны августта башталган.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Жамшид Баходиров автоунаа сатып алууну каалаган өлкөнүн ар кайсы аймагындагы 19 миңге жакын кишиден 57 миллиард сумдан ашык (5,4 миллион доллар) каражат алган. Жыйынтыгында кардарларынын 100үнө гана автоунаасы берилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ