Menu

Бишкек жана Ош шаарлары, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгѳндүн нотариустары алты күндүк иш жумасына ѳттү

Бөлүшүү:

Бишкек жана Ош шаарлары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Өзгѳн райондорунун нотариустары алты күндүк иш жумасына ѳттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандарга жана юридикалык жактар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле, мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги чоң кезек күтүүдѳгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, Бишкек жана Ош шаарлары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Өзгѳн райондорундагы мамлекеттик нотариустары үчүн алты күндүк иш жумасы белгиленди.

Эми жарандар ишемби күнү да саат 15:00гө чейин нотариалдык кызматтарды алуу үчүн жогоруда белгиленген нотариалдык кеңселерге кайрыла алышат.

Ошол эле учурда, жарандарга жана юридикалык жактарга нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик нотариалдык кеңселердин жумушун жеңилдетүү максатында, Юстиция министрлигинин сунушу боюнча айрым жеке нотариустар макул болуп, насыя бүтүмдѳрүн каттоодо нотариалдык иш-аракеттер үчүн акыны төмөндөтүштү. Мисалы, буга чейин насыя алууда жеке нотариустар күрѳѳ келишимин 3000 ден 4000 сомго чейин күбѳлѳндүрүп келишсе, азыр бүтүмдөрдүн татаалдыгына жараша, бардык кошумча бүтүмдөр менен мамлекеттик жыйымдардын наркын кошкондо 1000 ден 2000 сомго чейин баасы төмөндөдү (нотариустардын тизмеги тиркелет).

Кызмат кѳрсѳтүүнүн баасын жана жеке нотариуска кайрыла турган убакытты шилтеме аркылуу текшере аласыз: http://minjust.gov.kg/ky/content/1546 .

Кѳрсѳтүлгѳн тизме жеке нотариустардын ѳз каалоосуна жараша жаңыланып турат. Банктар жана башка финансы-кредит мекемелер жана жарандар чоң кезектерди күтпөстөн, жеке нотариустардан тез жана ыңгайлуу кызматтарды ала алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: