Бүгүн, 31-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 98 учуру аныкталды. Бул тууралуу Сааматтыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 48, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 36, Ош облуусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 88 374 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 86 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 809га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 44, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 25, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 13.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1499га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ